Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги

Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2022-жылдын 4-октябрындагы №140 чечими менен Бажы бирлигинин «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 034/2013) техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого жаткан продукциялардын ТИЗМЕСИ бекитилгенин маалымдайт, тизмеге жараша  Бажы бирлигинин «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР CU 034/2013) техникалык регламенти менен  декларация, мамлекеттик каттоо же ветеринардык-санитардык экспертиза түрүндө шайкештикти  баалоо  каралган. Чечим 2022-жылдын 6-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Жогорудагы чечим менен Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтын да https://docs.eaeunion.org/docs/ru-ru/01436594/err_07102022_140  шилтемеси аркылуу таанышууга болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматына кайрылууңуз керек.

Show More
Back to top button