ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги

Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2022-жылдын 4-октябрындагы №140 чечими менен Бажы бирлигинин «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 034/2013) техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого жаткан продукциялардын ТИЗМЕСИ бекитилгенин маалымдайт, тизмеге жараша  Бажы бирлигинин «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР CU 034/2013) техникалык регламенти менен  декларация, мамлекеттик каттоо же ветеринардык-санитардык экспертиза түрүндө шайкештикти  баалоо  каралган. Чечим 2022-жылдын 6-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Жогорудагы чечим менен Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтын да https://docs.eaeunion.org/docs/ru-ru/01436594/err_07102022_140  шилтемеси аркылуу таанышууга болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматына кайрылууңуз керек.

Show More
Back to top button