Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тоют өндүрүү цехинин расмий ачылышы болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Балык чарба департаментиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Тоют өндүрүү цехинин расмий ачылышы болуп өттү

2022-жылдын 27-октябрында  Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында, Чүй облусунун осетр жана карп балык түрлөрү үчүн тоют өндүрүү цехинин расмий ачылышы болуп өттү, жабдуулар БУУнун Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосу менен “Аква Сервис” ЖЧКсына тийиштүү  техникалар сатылып алынды.

Балык азыктарын даярдоодо жергиликтүү өндүрүштөгү айыл чарба продукциясы колдонулат. Заводдун кубаттуулугу 500 кг/саат экструддалган, гранулдаштырылган тоюттар чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Байдылдаев Муратбек Курманбекович азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан заманбап, экономикалык жактан пайдалуу аквамаданият багытын киргизүү, технологияларды колдонуу жана башка өлкөлөрдүн бассейндик, садоктук, көлмөлөрүндөй иш алып баруу, белгилеп кетчү нерсе балык өстүрүүчүлөр, акыркы жылдары балык жана балык азыктарын элге жеткирүү менен республиканын азык-түлүк коопсуздугуна салым кошо баштагандыгын белгиледи.

Иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлүнүн орун басары Рахманова Динара Курманбековна, Балык чарба департаментинин директору Э.Б. Ниязалиев катышты.

Колдонулган жабдуулар экологиялык таза өндүрүш болуп саналат жана бул технология биринчи жолу Кыргызстандын аймагында колдонулат. Ошондой эле тоют даярдоодо кургатуунун жаңы технологиялары колдонулат, алар электр энергиясын керектөөнү 20% га кыскартат. Балык майын түздөн-түз экструдерге берүү менен тоюттун майлуулугун жогорулатуунун жаңы технологиясы колдонулат.

Балык чарба департаментинин маалыматы боюнча товардык балык өндүрүү 2020 – жылы – 5139,7 тоннаны, 2021-жылы-10344,2 тоннаны түзгөн. Балык жана балык азыктарын экспорттоо 2020 – жылы-3158 тонна, 2021-жылы-5183,1 тонна. Ал эми балык азыктарын өндүрүү 9-жылдын 2022-айында республика боюнча 310 тоннаны түзгөн.

Show More
Back to top button