Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен Агробизнестин атаандаштыкка жарактуулуук борбору натыйжалуу өнөктөштүккө катышууга чакырат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен Агробизнестин атаандаштыкка жарактуулуук борбору натыйжалуу өнөктөштүккө катышууга чакырат

Агробизнестин атаандаштыкка жарактуулуук борбору (ААЖБ) Кошумча нарк удаалаштыгын (КНУ) өнүктүрүү боюнча Натыйжалуу өнөктөштүк түзүүнүн алкагында лидердин ролуна талапкерлерди тандоо сынагына катышууга чакырат.

Арыздарды кабыл алуунун башталышы: 2022-жылдын 24 – октябры (саат 10:00 баштап).

Арыздарды кабыл алуунун бүтүшү: 2022-жылдын 24 – ноябры (саат 17:00 чейин).

Долбоор жана 2-компонент жөнүндө жалпы маалымат (натыйжалуу өнөктөштүк)

Дүйнөлүк банктын “Экономикадагы региондук өнүгүү” долбоору (ЭРӨД). Долбоордун өнүктүрүү максаты – Ош облусунун тандалган секторлорунда максаттуу көмөктөшүү жолу менен Алуучуга региондун экономикалык өнүгүүсүнө жардамдашууну көздөйт.

ЭРӨД 2 компонентинин алкагында кошумча нарк удаалаштыгын күчтөндүрүү боюнча иш-чаралар каралган, бул долбоордун ичиндеги чакан долбоорлордун максаттык инвестицияларын каржылоо үчүн айыл чарба ишканалары менен чакан айыл чарбалык өндүрүшчүлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жакшыртууга шарт түзөт жана анын натыйжасында өндүрүштүн/кайра иштетүүнүн сапаты жакшырат жана көлөмү көбөйөт.

Долбоор сатуу учурундагы суроо-талаптын негизинде кошумча нарк удаалаштыгын өнүктүрүү ыкмасын пайдалануу менен натыйжалуу өнөктөштүк мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Натыйжалуу өнөктөштүк кошумча нарктын бир эле удаалаштыгында өндүрүшчүлөрдүн бир нече тобун – анын ичинде фермерлерди, жыйноочуларды, кайра иштетүүчүлөрдү, сатуучуларды жана экспортёрлорду камтыйт. Ар бир өнөктөштүк алкактык макулдашуу менен жөнгө салынат жана өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы тобу жана сатып алуучу/агрегатор же кайра иштетүүчү ишкана жана башка тийиштүү катышуучулар тарабынан кол коюлат.

ЭРӨДдүн алкагында Ош облусунун мал чарба жана дыйканчылык тармактарындагы баардык кошумча нарк ырааттарына атаандаштыкка жана экспортко чыгууга шарт түзүүчү тандалган багыттар боюнча анализдин жыйынтыгына жараша колдоо көрсөтүлөт.

КНУнун артыкчылыктуу багыттары:

       Сүт продукциясы (сүт – уйдун сүтү),

       Эт жана эт продукциясы (бодо мал, майда мал, топоз),

       Картошка,

       Алма,

       Чие,

       Бал

       Пахта,

       Өзгөн күрүчү,

       Балыкчылык,

       Май (софлор, пахта май),

       Жашылчалар (ачык жана жабык кыртышта),

       Канаттуулар.

Максаттуу инвестициялоонун негизги багыттары:

1.       Түшүмдүүлүгү далилденген жана башка жакшы сапаттары бар сорттор.

2.       Жаңы жабдуулар (технологиялык жабдуу, ошондой эле тракторлор), анын ичинде өндүрүү жана кайра иштетүү, оруп-жыйнагандан кийинки иштетүү, сактоо жана тейлөө, лаборатория (анын ичинде ташуучу жана атайын машиналар жана жабдуулар), упаковка жана сорттоо, сапатын контролдоо, продукциянын сапатын жогорулатуу жана көлөмүн көбөйтүү үчүн техникалык линияларды жабдуу;

3.       Колдо болгон (эски) жабдууларды технологиялык жактан жаңыртуу үчүн жабдуулар;

4.       Азык-түлүк продуктуларынын менеджмент системасын киргизүү, анын ичинде баардык этаптарын киргизүү (окутуп үйрөтүү, системаларды киргизүү (НАССР, ISO, органикалык өндүрүш, алдыңкы практиканын баардык түрлөрү, башка тийиштүү техникалык жардам ж.б.);

5.       Жергиликтүү сертификаттарды жана эл аралык уюмдарда бекитилген эл аралык сертификаттарды алуу;   

6.       Маркетинг жана брендинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (анын ичинде товардык белгини жана продуктунун (ошондой эле упаковканын) дизайнын иштеп чыгуу ж.б.;

7.       Өндүрүүчүлөр үчүн техникалык жардам жана окутуу, сапатты камсыздоо, зыянкечтерге каршы күрөшүү жана тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун жакшыртуу боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр.

Инвестициялоонун эң жогорку өлчөмдөрү:

Бир айыл чарбалык өндүрүүчүгө – 2 000 000 (эки миллион) сом суммага чейинки товарлар.

Андан тышкары, айыл чарбалык өндүрүүчүлөр өз салымдарын да кошууга тийиш, ага булар кириши мүмкүн: жумушчу күчкө чыгымдар, айыл чарба товарларын ташууга/жеткирүүгө байланышкан баардык чыгымдар.

Айыл чарбалык кооперативдер, фермердик чарбалар, үрөн чарбалары жана асыл тукум чарбалары үчүн 20 000 000 (жыйырма миллион) сом суммага чейинки товарлар;

Айыл чарбалык кооперативдер, фермердик чарбалар, үрөн чарбалары жана асыл тукум чарбалары өздөрүнүн салымдарын кошуусу керек, ага жумушчу күчкө чыгымдар, айыл чарба товарларын ташууга/жеткирүүгө, упаковкалоого, сатууга байланышкан баардык чыгымдар кириши мүмкүн.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары, агро-соода-логистика борборлору жана айыл чарбалык товарларды берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар үчүн 35 000 000 (отуз беш миллион) сом суммага чейинки товарлар.

Тамак-аш жана кайра иштетүү ишканалары, агро-соода-логистика борборлору, айыл чарбалык товарларды берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар үчүн чыгымдарды  ажыратып бөлүү катары жумушчу күчкө чыгымдар, айыл чарба товарларын ташууга/жеткирүүгө, упаковкалоого, сатууга байланышкан баардык чыгымдар, жана жабдуулар үчүн жетпей жаткан сарптоону жабуу үчүн өздөрүнүн каражаттары жана долбоор менен жабылышы мүмкүн болбогон суралуучу каражаттар кириши мүмкүн.

Арыз ээлери арыздарында өзү кошуучу салымдын белгиленип жаткан өлчөмүн көрсөтүү менен өз салымдарын демонстрациялашат.

Алгылыктуу талапкерлер:

Конкурска катыша алуучулар: Ош облусунда айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөлөрүндө иштеген, тийиштүү юридикалык каттоодон өткөн уюмдардын жана жеке ишкерлердин баардык түрлөрү, анын ичинде: жеке ишкерлер, кооперативдердин, фермердик топтордун, ЖчКнын, ассоциациялардын жана союздардын, ошондой эле бейөкмөт уюмдар менен фонддордон башка уюмдардын ар кандай түрлөрү.

Натыйжалуу өнөктөштүк инвестициялык программаны жана иш-чаралардын иретин аныктайт, булар өнөктөштүк жөнүндө конкреттүү сунуштар менен аныкталат.

Арыздарды кабыл алуунун жана консультациянын дареги:

Агробизнестин атаандаштыкка жарактуулук борбору (ААЖБ):

Бишкек ш., Чүй проспекти 114, 720040, № 304, № 306 кабинеттер.

Тел: +996 (312) 62 38 85; 62 39 04; 62 39 11

ААЖБнын Ош шаарындагы региондук офиси:

Ош ш., Ленин көчөсү 221, 2-кабат, № 28 кабинет

Тел: +996 772 19 19 85, +996 552 85 19 19, + 996 995 24 99 24

E-mail: abdyshev@agromarket.kg, копия:esenaliev@agromarket.kg,  abdilabekov@agromarket.kg

Show More
Back to top button