Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан менен Корея өлкөсү жер маалыматтарын башкарууну жакшыртуу боюнча иш алып барат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстан менен Корея өлкөсү жер маалыматтарын башкарууну жакшыртуу боюнча иш алып барат

Кыргызстан менен Корея өлкөсү жер маалыматтарын башкарууну жакшыртуу боюнча иш алып барат

Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк геодезиялык системага айландырууга жана өлкөдөгү жер маалыматтарын башкарууну өркүндөтүүгө багытталган “Геодезиялык координаттар системасын кайра түзүү” пилоттук Кыргыз-Корей консалтингдик долбоору башталды. Долбоор 36 айга созулат.

Долбоордун башкы максаты Кыргызстан үчүн оптималдаштырылган глобалдык геодезиялык системага өтүү жана жер маалыматтарын башкарууну өнүктүрүү жолу менен санариптик геомейкиндиктик инфраструктураны ишке ашыруу болуп саналат.

Долбоор КР АЧМ караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргызгипрозем” жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “LX ” Корея корпорациясы жана “GEO2” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда.

“Долбоор “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча “Жол картасынын” максаттарын эске алат. Ошондой эле буга байланыштуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, анын ичинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу баалуу актив катары жер ресурстарын жана алардын абалын дайыма эсепке алуу зарылдыгы бар”, – деп билдирет “Кыргызсгипрозем” жер жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын директору Алмаз Абдиев.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Нурия Соронова корея кесиптештери менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бул долбоор жерлердин санариптик графикалык маалымат базасын түзүү технологияларын жана заманбап эсепке алуу ыкмаларын киргизүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Show More
Back to top button