Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. С. Джаныбеков “Мыкты чарбакер” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр А. С. Джаныбеков “Мыкты чарбакер” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” наамына тармактык сырттан конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктыгы.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” наамына конкурс аяктагандыгы жөнүндө жарыялайт.

Конкурс Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүн, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.

Конкурска райондук мамлекеттик администрациялардын сунуштарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн конкурстук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан арыз берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлери жана ишканалары катышты.

“Мыкты чарбакер” наамына сынак боюнча ХIV номинация өткөрүлдү. Конкурстук сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр аныкталды:

– “Кыргыз Республикасында органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына “Сан Планет Органик” жоопкерчилиги чектелген коому;

– “Кыргыз Республикасындагы балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Аквапром” жоопкерчилиги чектелген коому;

– “Агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн” номинациясына “Кант-Сут” жоопкерчилиги чектелген коому;

– “Айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн” номинациясына “Ат-Башы-Сут” жоопкерчилиги чектелген коому;

– “Агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун арпанын селекциясы жана баштапкы үрөнчүлүк бөлүмү;

– “Мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кадамжай районундагы “Эркин-95” фермердик асыл тукум чарбасы;

– “Үлгүлүү асыл тукум мал чарбасы” номинациясына “Агрофирма Чабрец” жоопкерчилиги чектелген коому;

– “Үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы” номинациясына “Аталык Групп” жабык акционердик коому;

– “Үлгүлүү айыл чарба кооперативи” номинациясына Ош облусунун Чоң-Алай районундагы “Чоң-Алай Агро” кооперативи;

– “Мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү” номинациясына Талас облусундагы “Эмилия” жоопкерчилиги чектелген коому.

– “Мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн” номинациясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын Нарын мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеевге ыйгарылды;

– “Мыкты механизатор” номинациясы Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын трактористи Базарбай Аширбаевге ыйгарылды;

– “Мыкты багбан” номинациясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын фермери Азамат Мажиковго ыйгарылды;

– “Мыкты ветеринар” номинациясы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун лабораториясынын жетекчиси Медетбек Батыровго ыйгарылды.

Show More
Back to top button