Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Евразия экономикалык биримдигинде тамак-аш азыктарынын курамында май кислоталарынын глицидил эфирлеринин курамына милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Евразия экономикалык биримдигинде тамак-аш азыктарынын курамында май кислоталарынын глицидил эфирлеринин курамына милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча

Евразия экономикалык биримдигинде тамак-аш азыктарынын курамында май кислоталарынын глицидил эфирлеринин курамына милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча

консультацияны өткөрүүнү жарыялоо

2022-жылдын 30-сентябрында саат 16.00дө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин кичи залында (2 кабат)

Евразия экономикалык биримдигинде тамак-аш азыктарынын курамындагы май кислоталарындагы глицидил эфирлеринин курамына милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча иштин абалы жөнүндө маалымат берүү боюнча консультация өткөрүлөт. Тактап айтканда, Бажы бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттерине өзгөрүү киргизүү тууралуу:

– «Май жана мунай продуктуларына карата техникалык регламент» ( мындан ары – ТР ТС 024/2011) (ТР 024/2011 № 2 өзгөртүүлөр долбоору);

– “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” (мындан ары – ТР ТС 021/2011);

– “Адистештирилген тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык терапиялык жана диеталык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө” (мындан ары – ТС 027/2012).

Бардык кызыктар тараптарды катышууга чакырабыз. Кошумча маалымат алуу үчүн 0557557529 номерине кайрылсаңыздар болот.

Show More
Back to top button