Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кезектеги айыл чарба жарманкеси 24-25-октябрда өтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кезектеги айыл чарба жарманкеси 24-25-октябрда өтөт

Урматтуу айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, агроөнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана шаар тургундары!

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2022-жылдын 24-25-сентябрында, андан кийин ар бир жуманын дем алыш күндөрүндө жарманке уюштурат. Жарманке 2023-жылдын 15-майына чейин ишенби, жекшенби күндөрү өтмөкчү.

Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада жеткирүү. Өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган  жеке ишкерлерди жарманкеге чакырабыз.

Жарманке Бишкек шаарынын Раззаков-Киев көчөсү менен Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Суроолор боюнча: 0312-62-36-82; 0555-220-362; 0701-833-855, же министрликтин WhatsApp номуруна кайрылсаңыз болот.

Show More
Back to top button