Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтомун аткаруу максатында Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2020-жылдын 18-августундагы № 102 чечими менен бекитилген эттин айрым түрлөрүнө болгон тарифтик квоталарды 2021-жылдын 1 этабына бөлүштүрүү үчүн арыздарды кабыл алууну жарыялайт.
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 20.11.2020 18.00 го чейин.
Керектүү документтердин тизмеси
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине тарифтик квота бөлүп берүү жөнүндө кат.
- Белгиленген тартиптеги арыз (“Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтомунун тиркемеси);
- Тышкы соода жүгүртүүсү боюнча келишим (контракт), жана башка жактардын ниеттерин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- Мамлекеттик каттоо жонүндөгү документтин көчүрмөсү;
- Арыз берүүчүнүн жана (же) ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
- Ишеним кат;
- Скоросшиватель.