6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Андреа Багноли менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча натыйжалуу чараларды колдонуунун маанилүүлүгүн, биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын, министрлик менен БУУнун айыл чарбасын өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.