![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/ef9d4fe7d980d1862aee436c710d8258_original.1181398-1.jpg)
2022-жылдын 9-сентябрына карата “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымат жөнөтөбүз.
2022 – жылдын 5 – сентябрына карата “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 3,4 млрд сом, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга – 1,7 млрд сом жана “РСК Банк” ААКга – 1,7 млрд сом бөлүнгөн.
Бардыгы болуп 1963 кредит – 1587,2 млн сом суммасында берилди.
Фермердик чарбаларга-500 миң сомго чейин, 1871 кредит жалпы суммасы 706,9 млн сомго берилген.
Айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жоопкерчилиги чектелген фермердик чарбаларга жана жылдык жүгүртүлүшү 1 миллион сомдон 5 миллион сомго чейинки Айыл чарба кооперативдерине жалпы суммасы 14 70,0 млн сомго кредит берилди.
Кластерлердин агрегаторлоруна (тамак-аш өнөр жай ишканалары жана соода — логистикалык борборлор), жаңы түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларына-150 миллион сомго чейин, жалпы суммасы 14 кредит 630,1 млн.сом берилди.
Ошондой эле техниканын лизинги боюнча 64 млн сом суммасында 180,2 кредит берилди.