Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КР Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана техникалык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

КР Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана техникалык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана техникалык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү.

Мисалы, эгер Министрликтин бөлүм башчысынын  айлыгы кошумча төлөмдөрдү эске албаганда жана  социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды эске алганда буга чейин 20 миң сом болсо, эми 1-августтан тартып 45 миң сом болот, өсүш 224 пайызды түзөт.

Министрликтин башкы  адисинин айлыгы кошумча төлөмдөрдү эске албаганда жана  социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды эске алганда 15 миң сом болсо, эми 1-августтан тартып 38 миң сом болот, өсүш 252 пайызды түзөт.

Министрликтин жетектөөчү адисинин айлыгы кошумча төлөмдөрдү эске албаганда жана  социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды эске алганда буга чейин 11миң сом  болсо, эми 1-августтан тартып 35 миң сом болот, өсүш 300 пайызды түзөт.

Министрликтин адисинин айлыгы кошумча төлөмдөрдү эске албаганда жана  социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды эске алганда буга чейин 10 миң сом болсо, эми 1-августтан тартып 33 миң сом болот, өсүш 321 пайызды түзөт.

Башкача айтканда Министрликте, кызматкерлердин эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 198 пайызды түзөт.

Айыл чарба министрлиги өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү минстрлик болуп саналат. А бирок Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээли башка министрликтеринин эмгек акысынын деңгээлинен бир кыйла артта калган.

Айта кетсек, Министрлик боюнча кызматкерлердин орточо эмгек акысы мурун 11038 сомду түзсө, эми 1-августтан тартып 22855 сомду түзөт же өсүш 207 пайызды түзөт, мунун ичинен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы 15033 сом болсо эми 1-августтан тартып 40589 сомду түзөт же өсүш 269 пайызды түзөт, мамлекеттик эмес кызматкерлердин эмгек акысы 9559 сом болсо эми 1-августтан тартып 25211 сомду түзөт же өсүш 263 пайызды түзөт жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 8523 сом болсо эми 1-августтан тартып 19811 сомду түзөт же өсүш 232 пайызды түзөт.

Show More
Back to top button