Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Дыйкандарды колдоо максатында кластердик өнүктүрүү боюнча кредиттик программалар иштелүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Дыйкандарды колдоо максатында кластердик өнүктүрүү боюнча кредиттик программалар иштелүүдө

Кыргыз Республиканын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу менен биргеликте кластерди өнүктүрүүнүн кредиттик программаларын талкуулашты.

Кластердик продукцияны насыялоонун негизги артыкчылыктары — узак мөөнөттүү насыялар (7-10 жыл), узак мөөнөттүү жеңилдетилген мезгили (36 айга чейин), күрөөгө коюлган талаптардын төмөндөшү ж.б.

Фонддун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов жана министр Тилек Токтогазиевдин катышуусунда болгон жолугушууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу тарабынан сүт, эт, форель өстүрүү жана жер-жемиш өстүрүү сыяктуу тармактарын кластердик өнүктүрүү боюнча кредиттик программаларды сунушталды.

«Кыргыз Республикасында кластерлердин өнүгүшү региондорду өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундарды туруктуу иш менен камсыз кылууга ошондой эле натыйжалуу киреше табууга, өсүп-өнүгүусүнө түрткү берет», — деди Н.Мамытов.

Өз кезегинде Тилек Токтогазиев, “Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун кластердик демилгелерин колдоп, фонд менен ар дайым тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирип, келечекте айыл чарбасынын жаңы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл бураарын айтып, асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн үрөнүн өндүрүү боюнча кластерди баштоо, -деди ал.

Эки тарап маалымат базаларын жана талкууланган маселелер боюнча аналитикалык маалыматтарды алмашууну, ошондой эле эксперттердин жана адистердин деңгээлинде мындан аркы үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жөнүндө макулдашышты.

Кошумча маалымат: Экономикалык кластер — бул белгилүү бир аймакта топтолгон өз ара бири-бири менен тыгыз байланышкан уюмдардын тобу (компаниялар, корпорациялар, университеттер, банктар ж.б.):

продукцияларды жеткирип берүүчүлөр, компоненттерди жана адистештирилген кызматтарды жеткирүүчүлөр; инфраструктура; изилдөө институттары; университеттер жана бири-бирин толуктап турган жана айрым компаниялардын жана жалпы кластердин атаандаштык артыкчылыктарын жогорулатуучу башка уюмдар.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button