Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларынын лизинги тууралуу мааламат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМеханизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти

Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларынын лизинги тууралуу мааламат

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп,  айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат. Мындан тышкары банктын өзүнүн коммерциялык эки долбоорлору аркылуу дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүп жатат.

ОАО “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 7 862,3 млн. сомго 4299 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2022-жылы 1 677,3 млн. сомго 524 техника берилген.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Лизингке берилген жалпы айыл чарба техникаларын (7 862,3 млн. сомго 4299 даана техника)  облустар боюнча алып карасак:

Чүй облусуна 3 052,3 млн сомго 1280 техника;

Ысык-Көл облусуна 1 243,8 млн сомго 614 техника;

Ош облусуна 1 234,8 млн сомго 695 техника;

Жалал-Абад облусуна 1 009,2 млн сомго 718 техника;

Талас облусуна 634,6 млн сомго 501 техника;

Нарын облусуна 371,3 млн сомго 245 техника;

Баткен облусуна 316,3 млн. сомго 246 техника берилген.

Ал эми 2022-жылы лизингке берилген техникаларды (1 677,3 млн. сомго 524 даана техника) облустар боюнча алып карасак:

Чүй облусуна 486,8 млн сомго 142 техника;

Ысык-Көл облусуна 413,8 млн сомго 74 техника;

Ош облусуна 294,0 млн сомго 102 техника;

Жалал-Абад облусуна 248,5 млн сомго 105 техника;

Талас облусуна 110,0 млн сомго 52 техника;

Нарын облусуна 100,9 млн сомго 40 техника;

Баткен облусуна 23,1 млн. сомго 9 техника берилген.

Show More
Back to top button