Эл аралык коррупцияга каршы күнүнө карата Айыл чарба министрлиги министрликтин кызматкерлери үчүн тренинг өткөрдү.
Тренингдин алкагында төмөнкү маселелер көтөрүлдү:
— Эл аралык практикада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери
— Коррупцияга каршы эл аралык мыйзамдар
— Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук саясатты карап чыгуу
— Жүрүм-турум моделдери жана ишкердик оюнунун мисалында коррупциялык чыр-чатактарды чечүү жолдору
Иш-чара Кыргыз Республикасындагы эл аралык Transparency International уюмунун жардамы менен өткөрүлдү.