Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-2021-2022-жылдарга карата Мамлекеттик дотация  боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2020-2021-2022-жылдарга карата Мамлекеттик дотация  боюнча маалымат

2020-жылга республикалык бюджеттен мамлекеттик субсидияларды ишке ашырууга 64,9 миллион сом каралып, буудай, арпа жана жүгөрү артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү катары аныкталган.

2020-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен үрөн чарбаларынын ортосунда 22 келишим түзүлүп, 1141,9 тонна көлөмдөгү үрөндөр түзүлгөн, дотациянын жалпы суммасы 9,03 млн сом болгон.

Жыйынтыгында жалпы суммасы 8,15 млн сомго 1107,4 тонна үрөн, анын ичинен 454,9 тонна буудай үрөнү 3,1 млн сомго, 627,4 тонна арпа үрөнү 3,9 млн сомго жана үрөндүк жүгөрү 25,1 тонна 1,1 млн өлчөмүндө сатылды.

2020-жылдын жазгы айдап себүү иштерине 22 үрөн чарбасы катышып, дотация боюнча үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 828 адамды түзгөн.

2020-жылдын күздүк айдоо иштерине 17 үрөнчүлүк чарбасы катышкан. Берүүгө сунушталган үрөндөрдүн жалпы көлөмү 1013 тонна үрөндү түзгөн, анын жалпы суммасы 7,3 миллион сомду түзгөн.

Натыйжада жалпысынан 5,5 млн сомго 773,7 тонна үрөн, анын ичинен 5,3 млн сомго 749,5 тонна буудай үрөнү, 158 миң сомго 242 тонна арпанын үрөнү сатылган. Үрөн алуучулардын саны 236 адамды түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 76-р токтому менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине 2021-жылга республикалык бюджеттен үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотацияларды төлөө үчүн финансылык каражаттар бөлүнгөн.

2021-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине 35 үрөн чарбасы менен 51 келишим түзүлүп, анын көлөмү 2574,4 тоннаны түзгөн. Үрөндүн жалпы суммасы 23,21 млн сом, анын ичинен 903,8 тонна буудай үрөнү 7,63 млн сом, үрөндүк арпа 1546,1 тонна 12,2 млн сомго, жүгөрү үрөнү 36 тонна 1,62 млн сомго, эспарцет 23,4 тонна 874,8 миң сомго жана пахта үрөнү 56,0 тонна 913,5 миң сомго өндүрүлгөн.

Натыйжада жалпы суммасы 19,9 млн сомго  жана айыл чарба үрөндөрү 2283,8 тонна, анын ичинен 6,05 млн сомго 729,5 тонна буудай үрөнү, 11,6 млн сомго 1469,3 тонна арпанын үрөнү, 0,974 миллион сомго 21,65 тонна жүгөрү үрөнү , эспарцеттин уругу 0,874 миллион сомго 32,4 тонна, пахтанын уругу 0,497 миллион сомго 30,9 тонна.  Жалпы 1687 айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн түзгөн.

 2022-жылдын түшүмү үчүн күзгү айдап себүү боюнча 46 келишим түзүлгөн.

Дотацияга сунушталган үрөндөрдүн жалпы көлөмү 2118,1 тоннаны түздү, анын ичинен буудай 2083,1 тонна 23,7 млн ​​сом, арпа 35 тонна, 340 миң сом. Жалпы суммасы 24,09 млн сомду түздү.

Жыйынтыгында күздүк айдоо үчүн жалпы суммасы 16,4 млн сомго 1438,4 тонна үрөн, анын ичинен 16,2 млн сомго 1420,2 тонна буудай, 175 миң сомго 182,5 тонна арпанын үрөнү сатылды. Дотация боюнча үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 1202 адамды түздү.

2022-жылдын жазгы айдап-себүү иштериндеги  мамлекеттик дотация боюнча маалымат

2022-жылдын жазгы айдап себүүсү үчүн департамент жана үрөн чарбалары  менен бүгүнкү күндө 44 келишим түзүп, анын көлөмү 2467,3 тонна үрөндү түздү, жалпы суммасы 41,23 млн. сом, анын ичинен буудайдын үрөнү 785,3 тонна 10,79 млн сомго, арпанын үрөнү 1081,3 тонна 14,23 млн сомго, жүгөрү үрөнү 31 тонна 2,79 млн сомго, картошканын үрөнү 325 тонна 7,59 миллион сомго, жана  эспарцет 10 тонна 360 мин сомго, пахта 234,7 тонна 5,46 миллион сом былтыркы жылдарга салыштырмалуу быйыл алуучулардын саны көбөйгөндүгүн белглейбиз.

Show More
Back to top button