Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын 17-августуна капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2022-жылдын 17-августуна капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

2022-жылдын 17-августуна капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

2022-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка 176,3 км каналдардын оӊдоо, 77,4 км каналдардын бетондоо, 712,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулмалардын, 340 суу өлчөөчү посттордун, 105 насостук станциянын, анын ичинде 236 насостук агрегаты оӊдоо, 72 насостук агрегатын жаӊылоо, 28 скважинанын оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бѳлүмдѳргѳ республикалык бюджеттен «капиталдык оӊдоолор» беренеси боюнча 2022-жылдын 17-августуна карата 646,5 млн.сом ѳлчѳмүндѳ акча каражат бөлүнүп берилди. Бѳлүнгѳн аталган түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 115,7 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, 25,7 км каналдардын бетондоо, 690,9 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо, 535 гидротехникалык курулмалардын, 301 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 102 насостук станцияларда оӊдоо, 220 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинде 44 насостук агрегаттарды жаӊылоо иштери, 77,3 км коллектордук-дренаждык тармактарда механикалык тазалоо жумуштары аткарылууда.

“Капиталдык оӊдоолор”  титулдук тизмесиндеги объектилерде калыбына келтирүү, оӊдоо жумуштары 2022-жылдын 25-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Show More
Back to top button