Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министри Аскар Джаныбеков БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Куреши Эднан менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министри Аскар Джаныбеков БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Куреши Эднан менен жолукту

2021-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскар Джаныбеков БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Куреши Эднан жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Куреши Эднан Аскар Джаныбековду Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, бүгүнкү күндөгү министрлик менен ФАОнун кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

ФАОнун колдоосу менен агробизнести өнүктүрүү  институционалдык потенциалды чыңдады (мыйзам базасы, ыкмаларды иштеп чыгуу ж.б.), фермерлердин потенциалы, азык-түлүк кайра иштетүү тармагынын адистери жана мамлекеттик кызматкерлер колдоо тапты.

ФАОнун өкүлү КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүдө атаандаштык артыкчылыгына ээ экендигине көңүл бурду, ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияга географиялык көрсөткүчтөрдү ыйгаруу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде министр структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу министрликтин түзүмү өзгөрүп, бул аймактардын өнүгүүсүнө шарт түзөрүн баса белгиледи. Министр ФАОго Айыл чарбасын санариптештирүү боюнча Улуттук жол картасын иштеп чыгууда министрликти колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда, БУУнун ФАО менен биргеликте айыл чарбасынын маанилүү тармактарын камтыган, зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү, балык чарбасын өнүктүрүү, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба азык-түлүк коопсуздугу, балык жана токой чарбасы боюнча электрондук стратегияны иштеп чыгуу тууралуу маселелер талкууланды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button