Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС)

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ААЖБ)

Натыйжалуу өнөктөштүккө катышууга чакыруу

Агробизнестин атаандаштыкка жарактуулуук борбору (ААЖБ) фермердик чарбаларын, айыл чарбалык кооперативдерин, тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларын, соода-логистикалык борборлорун Кошулган нарктын чынжырчасын (КНЧ) өнүктүрүү боюнча натыйжалуу өнөктөштүк түзүүнүн алкагында Лидердин ролуна талапкерлерди баштапкы ачык тандоо сынагына катышууга чакырат.

Арыздарды кабыл ала баштоочу дата: 2022-жылдын 19  –  июлу (cаат 10:00 баштап).

Арыздарды кабыл алуу бүтүүчү дата: 2022-жылдын 19  –  августу (саат 17:00 чейин).

2022-жылдын 19 – августу күнү арыздар саат 10.00 дон башталып 17.00 го чейин кабыл алынат.

Долбоор жана 2-компонент жөнүндө жалпы маалымат

Дүйнөлүк банктын “Экономикадагы региондук өнүгүү” долбоору (ЭРӨД). Долбоордун өнүктүрүү максаты – Ош облусунун жана Ош шаарынын тандалган секторлорунда максаттуу көмөктөшүү жолу менен Алуучуга региондун экономикалык өнүгүүсүнө жардамдашууну көздөйт.

ЭРӨД 2 компонентинин алкагында кошулган нарктын чынжырчасын күчтөндүрүү боюнча иш-чаралар каралган, бул долбоордун ичиндеги чакан долбоорлордун максаттык инвестицияларын каржылоо үчүн айыл чарба ишканалары менен чакан айыл чарбалык өндүрүшчүлөрдүн ортосунда өнөктүк мамилелерди өнүктүрүүгө шарт түзөт, ал өндүрүштүн/кайра иштетүүнүн сапатын жакшыртат жана көлөмүн көбөйөт.

Долбоор кошулган нарктын чынжырчасын өнүктүрүү боюнча  ыкманы пайдаланып, сатуу учурундагы суроо-талаптын негизинде натыйжалуу өнөктүк мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Натыйжалуу өнөктөштүк кошулган нарктын бир эле чынжырчасындагы өндүрүшчүлөрдүн бир нече тобун, анын ичинде фермерлерди, жыйноочуларды, кайра иштетүүчүлөрдү, сатуучуларды жана экспортёрлорду камтыйт. Ар бир өнөктөштүк алкактык макулдашуу менен жөнгө салынат жана өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы тобу жана сатып алуучу/агрегатор же кайра иштетүүчү ишкана жана башка тийиштүү катышуучулар тарабынан кол коюлат.

ЭРӨДдүн алкагында Ош облусунун жана Ош шаарынын мал чарба жана дыйканчылык (өсүмдүк өстүрүүчүлүк) тармактарындагы кошулган нарктын чынжырчаларына анализдин жыйынтыгына жараша баардык тандалган багыттар боюнча атаандаштыкка, экспортко чыгууга шарт түзө турган чынжырчаларга колдоо көрсөтүлөт.

КНУнун артыкчылыктуу багыттары:

  • Сүт продукция
  • Эт жана эт продукция (бодо мал, майда мал, топоз)
  • Картөшкө
  • Алма
  • Чие
  • Бал
  • Пахта
  • Өзгөн күрүчү
  • Балык чарбасы
  • Май (софлор, пахта май)
  • Жашылчалар (ачык жана жабык кыртышта)
  • Канаттуулар чарбасы.

Максаттуу инвестициялоонун негизги багыттары:

  1. Жогорку түшүмдүүлүгу далилденген жана башка жагымдүү мүнөздөмөсү бар сорттор.
  2. Жаңы жабдуулар (технологиялык жабдуусу, ошондой эле айыл чарбалык техникасы), анын ичинде өндүрүү жана кайра иштетүү, оруп-жыйнагандан кийинки иштетүү, сактоо жана тейлөө, лабораториясы менен кошо (анын ичинде көчмө лабораториялары жана жабдуулар), таңгактөө жана сорттоо, сапатын контролдоо, продукциянын сапатын жогорулатуу жана көлөмүн көбөйтүү үчүн техникалык линияларды жабдуулар менен кошо;
  3. Колдо болгон (эски) жабдууларды технологиялык жактан жаңыртуу үчүн жабдуулар;
  4. Азык-түлүк продуктулардына коопсуздук менеджмент системасын киргизүү, анын ичине бардык этаптарды киргизүү менен (окутуу, үйрөтүү, (НАССР, ISO системаларды киргизүү, органикалык өндүрүш, алдыңкы практиканын бардык түрлөрү, башка тийиштүү техникалык колдоо ж.б.);
  5. Жергиликтүү сертификаттарды жана эл аралык уюмдарда бекитилген эл аралык сертификаттарды алуу;    
  6. Маркетинг жана брендинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (анын ичинде товардык белгини жана продуктунун, ошондой эле таңгактын дизайнын иштеп чыгуу ж.б.;
  7. Сапатты камсыздоо, зыянкечтерге каршы күрөшүү жана тамак-аш продуктулардын коопсуздугун жакшыртуу боюнча өндүрүүчүлөр үчүн техникалык жардам жана окутуу, жана башка кызмат көрсөтүүлөр.

Инвестициялоонун чеги:

Бир айыл чарбалык өндүрүүчүгө берилүүчүтоварлар – 2 000 000 (эки миллион) сом суммага чейин.

Мындан тышкары, айыл чарбалык өндүрүүчүлөр өз салымдарын да кошууга тийиш, ага булар кириши мүмкүн: жумушчу күчкө кетирген чыгымдар, айыл чарба товарларын ташууга/жеткирүүгө байланышкан бардык чыгымдар.

Айыл чарбалык кооперативдери, фермердик чарбалары, үрөн чарбалары жана асыл тукум чарбалары үчүн суммасы 20 000 000 (жыйырма миллион) сомго чейинки товарлар берилет.

Айыл чарбалык кооперативдер, фермердик чарбалар, үрөн чарбалар жана асыл тукум чарбалар өз салымдарын кошуусу керек, ага жумушчу күчкө чыгымдар, айыл чарба товарларын ташууга/жеткирүүгө, таңгактоого, сатууга байланышкан баардык чыгымдар кириши мүмкүн.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары, агро-соода-логистика борборлору, айыл чарбалык товарларды берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар үчүн суммасы 35 000 000 (отуз беш миллион) сомго чейинки товарлар берилет.

Тамак-аш жана кайра иштетүү ишканалары, агро-соода-логистика борборлору, айыл чарбалык товарларды берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар үчүн чыгымдарды  ажыратып бөлүү катары жумушчу күчкө чыгымдар, айыл чарба товарларын ташууга/жеткирүүгө, таңгактоого кеткен, сатууга байланышкан баардык чыгымдар, жана жабдуулар үчүн жетпей калган чыгымдарды жабууга сарпталган өз каражаттары жана долбоор менен жабылышы мүмкүн болбогон суралуучу каражаттар кириши мүмкүн.

Арыз ээлери берилген арыздарында (тапшырыктарында) өзү кошуучу салымды белгиленип жаткан биргелешкен чыгымдардын өлчөмүн көрсөтүү менен  берүүсү күтүлүүдө.

Алгылыктуу талапкерлер:

Конкурска булар катыша алат: Ош облусунда жана Ош шаарында айыл чарбанын жана тамак-аш өнөр жай чөйрөлөрүндө иштеген, тийиштүү юридикалык каттоодон өткөн уюмдардын жана жеке ишкерлердин баардык түрлөрү, анын ичинде: жеке ишкерлер, кооперативдердин, фермердик топтордун, ЖчКнын, ассоциациялардын жана союздардын, ошондой эле уюмдардын ар кандай түрлөрү, бейөкмөт уюмдар менен фонддордон башкалар.

Натыйжалуу өнөктөштүк инвестициялык программаны жана иш-чаралардын ирээтин аныктайт, алар өнөктөштүк жөнүндө конкреттүү сунуш менен аныкталат.

Арыздарды кабыл алуу жана кеңеш берүү төмөнкү дарек боюнча:

Агробизнестин атаандаштыкка жарактуулук борбору (ААЖБ)

Бишкек ш., Чүй проспекти 114, 720040, № 306, № 308 бөлмөлөр.

Тел: +996 (312) 62 38 85; 62 39 04; 62 39 11

ААЖБнын Ош шаарындагы региондук офиси:

Ош ш., Ленин көчөсү 221, 2-кабат, № 28 бөлмө

Тел: +996 772 19 19 85, +996 552 85 19 19, + 996 995 24 99 24

Е-mail: info@agromarket.kgabdyshev@agromarket.kg,

көчүрмөсү: esenaliev@agromarket.kg, abdilabekov@agromarket.kg

Show More
Back to top button