Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кыргыз Республикасында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорун колдоо боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Токой чарба кызматы

“Кыргыз Республикасында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорун колдоо боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы

Кыргыз Республикасында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорун колдоо боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы

2022-жылдын 14-июлнан 20-июлга чейин Дүйнөлүк банктын “КРда токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорун колдоо боюнча кезектеги миссиясы өтүүдө. Миссиянын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу боюнча Токой кызматы менен өз ара аракеттенүү, пландаштырылган иш-чараларды аяктоо маселесин кароо талкууланды.

2022-жылдын 16- июлнан 18-июлга чейин аралыгында жумушчу топтун жетекчиси Дрита Дэйд – жетектеген Дүйнөлүк банктын командасы, токой кызматынын директору Алмаз Мусаев – жетектеген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин караштуу Токой кызматынын өкүлдөрү, Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери пилоттук Чүй, Балыкчы жана Каракол токой чарбаларында болушту.

Сапардын катышуучулары 3 күн аралыгында жогоруда аталган долбоордун алкагында курулган инфраструктуралык объектилер – үй-кордонддор, ирригациялык канал, күнөсканалар, көпүрө, электр чубалгылары, муздаткыч камера, уруктарды кургатуу цехи, скважиналар, токой плантациялары жана башка объектилер менен таанышты.

Миссия аяктагандан кийин, топ миссиянын натыйжалары менен бөлүшөт жана кийинки кадамдар боюнча тиешелүү долбоордун командасы менен макулдашат жана миссиянын жыйынтыгы боюнча эскерүүсүн жөнөтөт.

Show More
Back to top button