
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А. Жаныбеков 2022-жылдын 5-июлунда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна (мындан ары – ЭКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин жетинчи жыйынына катышты.
Жыйынга Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын айыл чарба министрлери жана бир катар өнөктөштөр катышты.

Бул иш-чара ЭКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүү аянтчасы болуп калды жана конструктивдүү пикир алмашуу, айыл чарбасын колдоо, өнүктүрүү жана мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программаларды жана долбоорлорду демилгелөө мүмкүнчүлүгү болду.