Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын 4-июлунда Айыл чарба министри А. С. Джаныбеков Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин биринчи отурумунда катышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2022-жылдын 4-июлунда Айыл чарба министри А. С. Джаныбеков Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин биринчи отурумунда катышты

🇰🇬🇰🇬🇰🇬2022-жылдын 4-июлунда Айыл чарба министри А. С. Джаныбеков Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин биринчи отурумунда катышты.🇺🇿🇺🇿🇺🇿

🚜🌾🐑Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (мындан ары – ЭКУ) айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин айыл чарба боюнча жумушчу тобунун экинчи отуруму жана “Түрк агрофоруму”, В2В жолугушуулар болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын бизнесинин бир катар ири өкүлдөрү катышты.

☑️Бул иш-чаралар айыл чарба кызматташтыгынын негизги маселелери боюнча бирдиктүү талкуу аянтчасы болуп калды.

Бул иш-чаралардын талааларында Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын Башкы катчысы, айыл чарба министрлери менен жолугушуулар болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

☑️Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министри Ж.А. Ходжаев менен эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана азык – түлүк менен камсыз кылуу жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек биргелешкен жумушчу тобунун практикалык иш-чаралар планына (“Жол картасы”) кол коюлду.

Show More
Back to top button