Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Узакка созулган оорудан кийин Чокоева Дамира Нурмамбетовна көз жумду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Узакка созулган оорудан кийин Чокоева Дамира Нурмамбетовна көз жумду

Кыргыз коому орду толгус жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин Чокоева Дамира Нурмамбетовна көз жумду.

Чокоева Дамира Нурмамбетовна – сүт өнөр жайынын биринчи Кыргыз аял инженери-технологу. 1956-жылы Москвадагы эт жана сүт өнөр жай технологиялык институтун аяктаган, 32 жыл республиканын эт жана сүт өнөр жайында иштеген. Ал жумушта терең билим жана жоопкерчилик, өзүнө жана башкаларга талап коюу, принципиалдуулук сезимталдык жана оор учурларда таяныч болуу жөндөмү менен айырмаланган. Анын жетекчилиги астында сүт тармагындагы 15 ишкана курулуп, ишке киргизилди, ондогон прогрессивдүү технологиялар жана продукциянын жаңы түрлөрү өздөштүрүлдү. Дамира Чокоева коомдук турмушка активдүү катышып, тамак-аш өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин мүчөсү, Талас шаардык Кеңешинин депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. “Ардак Белгиси” ордени, эки медаль, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана грамотасы, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эт жана сүт өнөр жай министрлигинин Ардак Грамоталары, Кыргыз ССРинин Мамагропромунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында совет мезгилинде сүт тармагынын 15 ишканасы курулуп, ишке киргизилген, ондогон прогрессивдүү технологиялар жана продукциянын жаңы түрлөрү өздөштүрүлгөн.

АЧМ жамааты туугандарына жана жакындарына көңүл айтат. Чокоева Дамиранын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат.

Show More
Back to top button