Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө

Айыл чарба Министрлиги  (айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары) Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 “Кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтому менен бекитилген Кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кампа ээлеринин арызынын жана тиешелүү документтеринин негизинде кампаларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоону жүргүзүүдө.

Министрлик тарабынан өз кезегинде товардык кампалардын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн, атайын сайтка маалымат жайгаштырылып https://agro.gov.kg/language/kg/6565, райондордогу агрардык башкармалыктар жана жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте, мобилдик группалар аркылуу атайын маалыматтар таркатылды.

Бугункү күнү 7 ишкана товардык кампаларын бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоого документтерин тапшырышты, алар:

– Чүй облусунан – 2: ОсОО «Экопродукт Азия», ОсОО «Агропродукт Азия»,

– Бишкек ш. – 3:  ОсОО «Бай Элим Компани», ОсОО «Интарс», ОсОО «ВиГ»,

– Нарын облусунан- 1: ОсОО «Семеной картофель»,

– Таласс облусунан-1:  с/х Коператив «Досбай-Ата»

Show More
Back to top button