Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Суу ресурстары кызматы боюнча селге жана суу ташкындарына каршы иш-чаралары боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Суу ресурстары кызматы боюнча селге жана суу ташкындарына каршы иш-чаралары боюнча маалымат

Республикалык мамлекеттик ирригациялык объектилери сел жана суу ташкынынан улам кыйроого жыл сайын дуушар болуп келет. Айрыкча, өлкөнүн түштүк аймактарында кээ бир объектилер эки-үч жолу кыйроого учураган убактылар кездешет.

2022-жылдын апрель-май айларында узакка созулган нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроолорго учурады. Республика боюнча 2022- жылы 54 мамлекеттик ирригациялык объектиде сел-кыяндан улам кыйроолор болуп, 21,5 млн.сомдук залал алып келди. Анын ичинде:

– Баткен облусу боюнча 7 суу чарба курулмасы 2,2 млн.сомго;

– Ош облусу – 35 суу чарба курулмасы 11,4 млн.сомго;

– Жалал-Абад облусу – 4 суу чарба курулмасы 1,7 млн.сомго;

– Чүй облусу 3 суу чарба курулмасы 1,6 млн.сомго;

– Талас облусу  – 5 суу чарба курулмасы 4,6 млн.сомго. 

Учурда республика боюнча нөшөрлөп жааган жамгыр уланууда. Суу ресурстары кызматы карамагындагы ишкана-мекемелер тарабынан жеринде селдерге каршы иш чаралар жүргүзүлүп, сугат суу берүүнү жандандырылды.

Кыйроого учураган объектилерди изилдөө жана калыбына келтирүү иш-чаралары айыл өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Кыйроого учураган объектилерди оӊдоо-калыбына келтирүү иштери сугат мезгили аяктаган соӊ, 2022-жылга каралган жалпы эксплуатациялык чыгымдарга багытталган каражаттар эсебинен жүргүзүлөт.

Show More
Back to top button