![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/289520178_342876054672318_2542606685659156692_n.jpg)
2022-жылдын 20 июнунда Суусамыр өрөөнүнүн Бишкек-Ош жолунун 144-чакырымында “алтыгана-карагана” бадалын заманбап “Мульчер” техникасынын жардамы менен жок кылуу ыкмасын көрсөтүү максатында семинар болуп өттү.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/289456155_342876131338977_3635065492278410712_n-1024x682.jpg)
Акыркы 20 жыл аралыгында Суусамыр өрөөнүндө 18,2 миң га жайыт аянтын “алтыгана-караган” бадалы каптаган. Жайыттарды “алтыгана-караган” тазалагандан кийин шалбаа жайыттарында кургак тоюттун салмагы гектарына 7-8 ден 17-19 ц чейин жогорулоосу күтүлүүдө.
Семинар Айыл чарба министрлиги жана Панфилов районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулду.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/289462738_342876058005651_8078209073854488324_n-1024x682.jpg)