Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КУАУ К.И.Скрябин жана “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин студенттери семинарга катышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

КУАУ К.И.Скрябин жана “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин студенттери семинарга катышты

Азыркы учурда бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу маселеси өтө актуалдуу. Ошол эле учурда ЖОЖ менен кызматташуу бул татаал маселени чечүүгө жардам берет. Бүтүрүүчүлөрдү агрардык тармака тартуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети менен Кыргыз улуттук агрардык университети К. И. Скрябин атындагы жана «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин ветеринария факультетинин студенттеринин жолугушуусу, көчмө тажрыйбалык семинары Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана райондук ветеринардык кызматы тарабынан уюштурулду.


Эл өкүлдөрү Аманкан Кенжебаев,Жалолидин Нурбаев, Алишер Эрбаев, Акбөкөн Таштанбеков, КРнын айыл жана суу чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев, ушул эле министрликке караштуу ветеринардык кызматтын жетекчиси Алмаз Шаршенбеков, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администртациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Ногайбек Самтыров, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Бек Жекшенбаев , райондук ветеринардык кызматтын башчысы Алмазбек Дунганов, Чүй облусуна караштуу райондордун ветеринардык кызматынын жетекчилери, жогорку окуу жайдын окутуучулары жана студенттери Ысык-Ата районундагы мал чарбачылыгындагы азыктарды кайра иштетүү ишканаларынын иштери менен жеринен таанышышты.

Алгач “Кант-Сүт” сүттү кайра иштетүү ишканасында, андан соң Интернационал айыл аймагындагы “Каспар” мал союу цехинде болуп, ал жердеги иштердин жүрүшүнө күбө болушуп, кызыккан суроолорун ишкана жетекчилерине узатышты. Семинардык тур Красноречка айылындагы “Жыргал сүт” сүт чогултуучу пунктунда жыйынтыкталып, Нурбек Жыргалбаевдин мал чарбасы тармагында алып барып жаткан иштери менен жакындан таанышышты. Андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтин өкүлдөрү менен студенттердин ортосунда кеңири пикир алышуу жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button