Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КР АЧМ менен Кореялык деңиз институтунун (КДИ) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн меморандум – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Балык чарба департаментиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

КР АЧМ менен Кореялык деңиз институтунун (КДИ) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн меморандум

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кореялык деңиз институтунун (КДИ) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн меморандумдун негизинде, Балык чарба департаменти Ысык-Көл облусунун Тоң балык өстүрүүчү заводунун базасында Кыргыз Республикасынын аквакультура жана балык уулоону өнүктүрүү борборун түзүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан.


2022-жылдын 23-майынан 28-майына чейин техникалык-экономикалык негиздемени деталдуу изилдөө үчүн КДИнин вице-президенти Чунг Джун Хи жетектеген КДИнин эксперттери Кыргызстанга келишти. Корея делегациясы Айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович, Кыргыз улуттук агрардык университетинин, КР УИАнын Биология институтунун өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин Ыссык-Көл облусундагы Тоң балык өстүрүүчү заводуна изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кетишкен.


Бул борбор өлкөнүн рыногун илимий-изилдөө кызматтары, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, балыктын бардык ветеринардык-санитардык талаптарына жооп берген сапаттуу, Лосось, Сига жана Карп түрлөрүнүн балык өстүрүүчү материалдары, Кыргызстандын ар кандай климаттык зоналарына ылайыкташтырылган товардык балыкты, балык өстүрүүчү материалды өстүрүүнүн заманбап технологиялары, балыкты кармоонун илимий негизделген лимиттери жана квоталары, балыкты өстүрүү боюнча ченемдер, сунуштар менен камсыз кылат.
Улуттук борбордо окуу борбору, лабораториялар, окуп жаткан студенттер жана балык өстүрүүчүлөр, окутуучулар, окумуштуулар үчүн турак жай комплекси болот.
Бул долбоорду ишке ашыруу Корея тарабынан ишке ашырылат жана 2022-2026-жылдарга эсептелген.

Show More
Back to top button