Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

КР АЧМнин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти

2022-жылдын 30-майында саат 16:55те «24 KG» сайтынын «Агент 024» бөлүмүндө жарыяланган «Новопокровка айылында талааларды химиялык иштетүүлөрдөн кийин үкү жана кирпилердин массалык өлүмү катталды» аталыштагы макалага (бул тууралуу Бишкектин тургуну Александр Малышев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган) Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти төмөнкүлөрдү билдирет.

Айыл чарбасында өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн пестициддер (өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары) колдонулат.

Пестициддер – өсүмдүк өстүрүүчүлүкө жана мал чарбасына зыян келтирип, айыл чарба продукциясынын сапатынын начарлашына алып келген курт-кумурскаларды, кенелерди, бактерияларды, вирустарды, козу карын спораларын, отоо чөптөрдү жана башка тирүү организмдерди жок кылуу үчүн колдонулуучу химиялык же биологиялык заттар.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан жыл сайын зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлөт, жана анын натыйжасында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө зыяндуу организмдердин зыяндуулугу, алар менен күрөшүү чаралары, натыйжалуу жана аз уулуу пестициддерди колдонуу, аларды колдонуу регламенттерин сактоо боюнча консультациялар берилет жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Департаменттин Адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялары топурактагы, суудагы жана өсүмдүк продукцияларындагы агрохимикаттардын калдык санын аныктоо боюнча анализ жүргүзүшөт.

Белгилеп кетсек, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн азыркы этабында пестициддердин ассортименти дайыма жаңыланып турат: экологиялык кесепеттерди жаратуучу препараттар алынып салынууда, ал эми пайдалуу каражаттардын тизмеси кыйла коопсуз формаларында таасир этүүчү жаңы механизмдердин натыйжалуу бирикмелери менен толукталат. Акыркы жылдары айыл чарбасында, анын ичинде Кыргызстанда колдонулуучу пестициддердин тизмесинен өтө уулуу жана туруктуу препараттар (сымап, хлорорганикалык, көптөгөн фосфорорганикалык ж. б.) алынып салынган.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Новопавловка айылындагы үкүлөрдүн жана кирпилердин өлүмүнө пестициддердин терс таасир тийгизиш ыктымалдуулугу аз экендигин билдирет.

Show More
Back to top button