Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Урматтуу республикабыздын ветеринардык тармагынын кызматкерлери! – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Жаңылыктар

Урматтуу республикабыздын ветеринардык тармагынын кызматкерлери!

Урматтуу республикабыздын ветеринардык тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Улуу илимпоз И.П.Павлов: “Дарыгер адамды дарылайт, ал эми ветеринардык дарыгер адамзатты дарылайт”,- деп илгери эле таамай айткан. Бул сиздердин ишиңиздерге карата берилген айкын мүнөздөмөлөрдүн бири. Сиздер эң байыркы жана урматтуу кесиптердин бирин тандап алуу менен улуттун, калкыбыздын саламаттыгын сактоого чоң салым кошуп жатасыздар.
Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо, токчулук жана молчулукту каалайм! Сиздердин адистикке байланышкан бардык кооптуу жагдайларды кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана ишке ак ниеттүү мамилеңиздердин натыйжасында жеңип чыгууңуздарга тилектешмин!

Терең урматтоо менен, министр А.С. Джаныбеков

Show More
Back to top button