Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иш- чаралар жүрүп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарТокой чарба кызматы

Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иш- чаралар жүрүп жатат

Өрт коопсуздугун алдын-алуу максатында, Токой кызматынын «2022-жылга карата өрт коркунучуна даярдык көрүү жөнүндө» 2022-жылдын 17-мартындагы № 01-6/81 буйругунун  негизинде, токой чарбалары, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын-алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Токой чарбалары  өрт коопсуздугун алдын-алуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте, жалпысынан республика боюнча 3518 адам тартылып, алар 105 өрт  өчүрүүчү командаларга бөлүнүп, өрткө каршы жабдыктар, анын ичинен: 95 даана өрт өчүргүч (огнетушитель), 542 даана бүрккүч прибор (опрыскиватель), 2118 даана күрөк, 559 даана араа, 4 даана чатыр (палатка), 1136 даана балта, 2048 чака менен жабдылган.

 Мындан тышкары, баардык токой чарбаларда УАЗ маркасындагы автомашиналары өрт өчүрүүчү шаймандары менен камсыздалган. Иш даярдалган тартипте, өз нугунда жүрүүдө. Мындай даярдыктар токой чарба кызматында дайыма жүргүзүлүп келет.

Show More
Back to top button