Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба техникаларынын лизинги тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМеханизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти

Айыл чарба техникаларынын лизинги тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо, заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо жана айыл чарба кооперативдерди колдоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2011-жылдан бери Министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коомунда айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү боюнча 7 долбоор түзүлүп, дыйкандардын суроо-талаптары боюнча иш жүрүп жатат. Банк айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана кооперативдерге лизингке айыл чарба техникаларынын кеңири түрлөрүн жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда берүү ишке ашырылууда.
Министрлер Кабинетинин кабыл алган чечимдерине ылайык техникалары лизингке берүү шарттары төмөндөгүдөй болуп бекитилген:

  • лизинг мөөнөтү – 10 жылга чейин;
    – лизингдин үстөк пайызы жылдык – 6%;
  • алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде лизинг предметинин наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек;
  • лизинг алуучу тарабынан алынуучу техниканын наркынын 10 жана андан ашык пайызы биринчи салым катары төлөнсө, кошумча күрөөлүк мүлк коюлбайт жана кредитти төлөөнүн кепилдиги болуп лизинг предметинин (техника) өзү эсептелет;
  • лизингке берилип жаткан айыл чарба техникасын камсыздандыруу ыктыярдуу негизде, лизинг алуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт.
    Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 6840,1 млн. сомго 4005 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2022-жылы 536,6 млн. сомго 229 даана техника берилди.
Show More
Back to top button