Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 “Нан унун байытуу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизип жатат? – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Жаңылыктар

Эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 “Нан унун байытуу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизип жатат?

Эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 “Нан унун байытуу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизип жатат?

Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуунун негизи жана зарылчылыгы 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы жана өлкөнүн калкын социалдык мааниге ээ тамак-аш продуктылары, атап айтканда, азык-түлүк буудайы жана буудай уну менен камсыздоодо кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Үстүбүздөгү жылы негизинен ун, нан жана нан азыктары, күрүч, кант, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктары кымбаттады.

Азык-түлүккө дүйнөлүк баанын өсүшү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө гана таасирин тийгизбестен, республикада инфляциянын олуттуу өсүшүнө алып келди. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү биринчи кезекте калктын социалдык жактан аялуу катмарына таасирин тийгизет, алар мындай шарттарда коркунучтарга жана тобокелдиктерге өз алдынча туруштук бере алышпайт.  Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 ” Нан унун байытуу жөнүндө ” Мыйзамына бул өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында гана киргизилген. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө” жобого ылайык – “Министрликтин максаты – Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо”, демек, министрлик социалдык чыңалууну, калкты социалдык маанилүү азык-түлүк продуктылары менен, атап айтканда, азык-түлүк буудай жана буудай уну менен камсыз кылуудагы курч кырдаалды болтурбоого кызыкдар.

Депутат Арсланбек Малиевдин айткандарына токтолсок: «Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен импортерлор үчүн теңсиз шарттарга алып келет. Бул дагы эле коррупциялык тобокелдиктерге алып келет».

 Белгилесек,  киргизилип жаткан бул нормада төмөндөгүдөй жазылган: «Өзгөчө кырдаалда Кыргыз Республикасынын аймагына эң жогорку жана биринчи сорттогу байытылбаган унду ташып келүүгө (импорттоого) уруксат берилет. Кыргыз Республикасы Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен белгилүү бир өлчөмдө» деп белгиленет, бул социалдык чыңалууну турукташтыруу жана басаңдатуу жана бүтүндөй өлкөдө кыйла оор кырдаалды жаратпоо үчүн зарыл болгон өлчөмдө гана импортту (импортту) билдирет.

Show More
Back to top button