Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарӨсүмдүктөрдүн карантини департаменти

Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин кызматкерлери 2022-жылдын 01-апрелден 08-апрельге чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 9 миң 892 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 8-апрелине чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын экспортунун негизги көлөмү Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын жашылчаларына туура келет – 3 миң 770 тоннаны түздү. Экспорттук жеткирүүлөрдүн негизги өлкөлөрү – Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү түздү.

Андан кийин буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоо көлөмү өсүүдө – 2 миң 657 тоннаны түздү.

Негизинен дан жана буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоо Кыргыз Республикасынын Чүй жана Талас облустарында жүргүзүлөт.

Экспорттук жеткирүү өлкөлөрү – Россия, Түркия, Сербия, Иран жана Казакстан.

Башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн жашылча-жемиштер жогорку экспорттук потенциалга ээ.

Карантиндик продукцияны импорттоо:

Үстүбүздөгү жылдын 01-апрелинен 08-апрелине чейин карантинге алынуучу продукциянын импорту 8 миң 396 тоннаны түзгөн.

Карантинге алынуучу продукцияны импорттоонун негизги көлөмү Кыргыз Республикасынын Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынан жашылча-жемиштерине – 2 миң тонна жана буурчак өсүмдүктөрүнө – 1 миң 282 тоннаны түздү.

Негизинен Казакстан Республикасынан, Өзбекстандан, Ирандан жана Россиядан алынып келинген.

Көчөттөр – 244 миң 682 даананы түзүп, Сербиядан жана Өзбекстандан импорттоолуп келүүдө.

Россия Федерациясынан негизинен 1 миң 218 м3 өлчөмүндөгү жыгач материалдары алынып келинген.

Керектөөгө суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу башка өнөр жай товарларына импорт өсүүдө. Негизинен Россия, Кытай, Украина, Казакстан, Түркия, Литва жана Өзбекстандан алынып келинет.

Show More
Back to top button