Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Калктын аялуу катмарларына 160 миңден ашык мөмө-жемиш көчөттөрүберилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарТокой чарба кызматы

Калктын аялуу катмарларына 160 миңден ашык мөмө-жемиш көчөттөрү
берилди

COVID-19 пандемиясынын шартында калктын социалдык аялуу катмарын колдоо программасынын алкагында мөмө-жемиш көчөттөрүн жеткирүү аяктады. Баткен, Талас, Ат-Башы, Нарын жана Аксуу райондорунун 31 айыл өкмөттөрүнө 115 428 даана алманын жана карагаттын көчөттөрү жеткирилди.

Былтыр күзүндө Токтогул, Аксы, Ноокен, Кара-Кулжа, Тоң, Ысык-Көл райондорунун жана Балыкчы шаарынын 30 айыл өкмөтүнө 48 миң 373 түп алма жана өрүк көчөттөрү алынып келинген.
Бул иш-чара орто мөөнөттүү келечекте кирешенин альтернативдүү булактарын түзүү жана коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жоюу үчүн калктын социалдык жактан аялуу катмарына 9,6 млн сомго жалпысынан 163 804 даана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү берилди.

Белгилей кетсек, 13 пилоттук токой чарбаларынын аймагына чектеш 61 айыл өкмөттө жашаган 7717 аялуу үй-чарбаларга көчөт материалдары тапшырылды. Үй-чарбалардын тизмеси айыл өкмөттөр тарабынан берилген. Орточо эсеп менен ар бир үй-чарбага 15тен, Баткен районунун үй-чарбаларына 59дан көчөт берилет.


Эске салсак, бул иш чара Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «КРда токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Show More
Back to top button