Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасы боюнча дыйкандарды жаадырып жана тамчылатып сугаруучу менен камсыз кылуу боюнча маалымат    – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМеханизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти

Кыргыз Республикасы боюнча дыйкандарды жаадырып жана тамчылатып сугаруучу менен камсыз кылуу боюнча маалымат   

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин тарабынан насыялык жана гранттык каражаттарды тартып айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 6 лизинг долбоору түзүлүп,  айыл чарба техникаларын жана сугат жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат.

2021-жылы министрлик сугаруунун жаңы технологияларын, тамчылатып жана жаадырып сугаруу системаларын жайылтуу максатында өлчөмү 426,7 млн. сомго барабар болгон лизинг долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында № 227 тескемеси кабыл алынды. Кабыл алынган тескемеге ылайык “Айыл Банк” ачык акционердик коомунда  туруктуу иштей турган жаңы кредиттик лизингдик долбоор ишке кирди. Жогорудагы тескеменин негизинде банк айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды жеңилдетилген шарттарда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 10 жылдык мөөнөткө, 4,5% үстөгү менен лизингге берүүдө. Бүгүнкү күнү Каржы министрлиги тарабынан Банкка 125 млн.сом которулуп берилип 32 даана техника лизингге берилди. Азыркы мезгилде Банкка дыйкандар тарабынан сугат машиналарын алуу тууралуу 11 заявка берилген. 

Азыркы мезгилде Кыргызстанда төмөндөгүдөй ишканалар жана жеке ишкерлер айылдык товарөндүрүүчүлөргө жаадырып сугаруучу сугат системаларын сунуштоодо:

  • “АгроЭкспертГрупп” ишканасы, жетекчиси Байконоев Чубак (0701 561156;
  • “Агро-Рейн” ишканасы, жетекчиси Арипов Чыңгыз (0500 122255);
  • “РейнЭксперсс” ишканасы, жетекчиси Дунганов Малик (0555 188893).

Ал эми тамчылатып сугаруу системаларын төмөнкү субъектер сунуштоодо:

  • ЧП “Мирба” Бишкек шаары, жетекчиси Асилбек уулу Мирбали (0703 941490);
  • “Уни Пласт” ишканасы, Бишкек шаары жетекчиси Жумадилов Адилет (0706 225000);
  • “Аква Строй” ишканасы, Бишкек шаары, жетекчиси Имашев Жеңиш (0703 456000);
  •  ЧП “Мухаммадрасул”, Жалал-Абад шаары жетекчиси Мухаммадрасулов Айбек (706 445233)
  • ЧП “Бахадыр”, Жалал-Абад шаары жетекчиси Юнусов Бахадыр (0772 240848).
  • ЧП “Хасан”, Жалал-Абад шаары жетекчиси Исаков Хасан (0553 743890);
  • ЧП “Абдумажитов”, Жалал-Абад шаары жетекчиси Абдумажитов Аббоз (0703 952283).
Show More
Back to top button