Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кыргыз Республикасы менен инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана потенциалы” аталышында вебинар өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Кыргыз Республикасы менен инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана потенциалы” аталышында вебинар өттү

Бүгүн, 17-февралда Япониянын Россия жана Жаңы көзкарандысыз мамлекеттер менен соода ассоциациясы (ROTOBO) жана АПЗИ менен биргеликте уюштурулган “Кыргыз Республикасы менен инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана потенциалы” аталышында вебинар өттү.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстандын ичиндеги агрардык сектордун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо.

Вебинарга Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Шигеки Маэда жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев катышып, мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү даярдаган презентациялары менен тааныштырды.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Касымбекова Лира  “Кыргызстандагы айыл чарбасынын мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы презентациясында айыл чарбасын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы, тармактын инвестициялык жагымдуулугу, экспорттук потенциал, соода-экономикалык мамилелер, анын ичинде келечектеги Япония менен кызматташтыктын багыттарын сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Япониянын Россия жана Жаңы көзкарандысыз мамлекеттер менен соода ассоциациясы (ROTOBO) менен кызматташтыкты улантуу жана активдештирүү жөнүндө бирдиктүү пикирге келишти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button