![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/Фото4-1-1.jpg)
Токой баскан аянтты көбөйтүү максатында Токой кызматы ДБ/ГЭФ «Кыргыз Республикасынында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында 13 пилоттук токой чарбаларында 1749,5 га аянтка токой отургузууну пландаштырууда.
Бүгүнкү күндө токой чарбалары тарабынан 1410,65 гектар аянтка ийне жалбырактуу, мөмө-жемиш, жалбырактуу, кургакчылыкка туруктуу түрлөрдүн көчөттөрү отургузулду. Быйылкы жазда 403,35 гектар аянтка токой отургузуу пландаштырылууда, бул пландагыдан 64,5 гектарга көп.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/Фото1-1-1.jpg)
Токой плантацияларын малдын зыянга учурашынан сактоо максатында 1351,4 га аянтка тикенек зымдардан тосмолор жана чынжырлуу торлор орнотулду. Токой жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү үчүн 6 пилоттук токой чарбаларына жалпы суммасы 4 853 990 сомго Тянь-Шань карагайынын 177 миңден ашык себилмерели, 24 миң алма, 14 миң өрүктүн, 1700 жаңгактын көчөттөрү өткөрүлүп берилди.
Долбоордун дагы бир маанилүү иш-аракети болуп деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү жана Мамлекеттик токой фондусунан тышкаркы кунарсыз жерлерди өздөштүрүү болуп саналат. Бул иш-чара 6 пилоттук айыл өкмөттүн аймагында жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеси жана жигердүү катышуусу менен айыл өкмөттүн өкүлдөрү пландагы 618,8 гектардан 593 гектарын мөмө-жемиш бакчаларан отургузуу аркылуу өздөштүрдү. Мындан тышкары, 705,3 га аянтына тосмолор орнотулду жана 402 гектар жерге сугат системасын уюштурууга жетишти.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/Фото-1.jpg)
Ошондой эле, айыл өкмөттөргө 11 727 730 сомго алма, өрүк, алмурут, алча, кара өрүк, жаңгак жана кара жыгачтын 139 миңден ашык көчөттөрү мөмө-жемиш бакчаларын жана плантацияларын түзүү үчүн өткөрүлүп берилди.