Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Жашыл-Мурас” интернет-платформасы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЛесная служба

“Жашыл-Мурас” интернет-платформасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы № 95-р Буйругу менен бекитилген “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасын” жүзөөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой чарба кызматы тарабынан бүгүнкү күндө “Жашыл мурас” интернет платформасын иштеп чыгуу иштери башталды.
“Жашыл мурас” интернет платформасын түзүүнүн максаты – жеке жана юридикалык кызыкдар тараптардын Кыргызстандын токойлорун калыбына келтирүүдө, көбөйтүүдө каржылык көмөк көрсөтүүлөрүнө шарт түзүп берүү максатында Кыргызстандын токой зоналары жана андагы көчөттөрдү отургузууга муктаж болгон жерлер жөнүндө маалымат бериле турган атайын порталды түзүү болуп саналат.

Интернент платформанын негизги фунциялары:
Токойлор тууралуу маалыматтар, фото, видео галерея, жана башкалар менен толукталып, керектүү болгон маалымат булактарына тиркемелер кошулган;
Спонсорлор аркылуу токойлорду ѳстүрүүгѳ, калыбына келтирүү идеясын жеткирүү;
Порталда, токойлорду онлайн картада кѳрүп турууга болот жана токой отургузууга мүмкүн болгон жана отургузулган токойлор боюнча маалымат алса болот.
Токойлорду отургузууну каржылоого катышууга болгон арыздарды кабыл алуу функциясы;
Ыктыярчы катары токой отургузууга катышууга болгон арыздарды кабыл алуу функциясы;
Портал аркылуу Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүдө көрсөтүлгөн жардам жана аткарылган жумуштар боюнча маалыматтарды эсептөө функциясы.
Порталга токой кызматы тарабынан жана жер-жердеги кѳчѳт отургузуу боюнча жүргүзүлгѳн жумуштарды жүктѳп туруу фунциясы.
Платформанын идеясы – көчөттөрдү отургузууга катышуу жана каржылоо үчүн меценат-спонсорлорду тартуу аркылуу Кыргызстандын токойлорунун аянтын көбөйтүү. Көчөттөрдүн жайгашуусу, саны, түрлөрү, алдын ала бюджети, отургузуу убактысы – жана башка маанилүү деталдардын бардыгын токой кызматынын адистери иштеп чыгып, платформага жайгаштырышат.
Көчөттөрдү отургузуунун демөөрчүлөрү жеке жана юридикалык жактар, жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар боло алат. Түшкөн каражаттар жана көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу маалымат фото жана видео отчеттор менен порталга жайгаштырылат.
Портал каржылык жардамдан тышкары көчөт отургузууга ыктыярчыларды тартуу үчүн жарнактарды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ыктыярчылар илинген жарнак боюнча тигил же бул көчөт отургузууга катышуу үчүн арыз жөнөтө алышат.
Портал кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болот.

Show More
Back to top button