Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Россия Федерациясынын менен Кыргызстандын ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча Меморандумга кол коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Россия Федерациясынын менен Кыргызстандын ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча Меморандумга кол коюлду

2021-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Россия Федерациясынын Айыл чарба министри Дмитрий Патрушев, Россия Федерациясынын ААК “Бириккен дан компаниясынын” жетекчиси Дмитрий Сергеев жана Балык чарбасы федералдык агенттигинин жетекчиси Илья Шестаков менен жолукту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбекович айыл чарба жаатында тараптардын кызматташуусунун оң тенденциялары жөнүндө айтып, 2018-2019-жылдарга карата өлкөлөрдүн ортосундагы айыл чарба продукциясы менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 10% га, Кыргызстандан экспорттун өсүшү 30% га, Россия Федерациясынан импорт 4% га жогорулагандыгын белгиледи.

Жолугушуунун негизги максаты, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда буудай, өсүмдүк майы сыяктуу жана башка айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Бул документ кызматташуунун мындан ары илгерилетишине кызмат кылат. Меморандумду ишке ашыруу Россия Федерациясынын “Бириккен дан компаниясы” менен Кыргызстандын жеке камсыздоочуларынын ортосундагы кызматташтык аркылуу жүзөгө ашырылат.

Жолугушууда Россия Федерациясынын Айыл чарба министри Дмитрий Патрушев Россия Федерациясынын Өкмөтү ушул жылдын апрель айынан баштап, Кыргыз Республикасына дан эгиндеринин керектүү көлөмүн, ошондой эле, башка айыл чарба өсүмдүктөрүн жана тамак-аш азыктарын жеткирүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошол эле учурда, эки ведомствонун министрлери айыл чарба үрөндөрүн жеткирүү жана мал чарбасын асылдандыруу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулашты.

Мындан тышкары, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Балык чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун тез арада кароо маселесине токтолушту. Маселенин чечилиши бул багыттагы кызматташууну өркүндөтүп, балык жана балык азыктары менен өз ара сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Тараптар айыл чарба жаатында кызматташууну тереңдетүү зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү жыйынтыкка келишти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button