Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларынын жана асыл тукум мал жандыктарынын лизинги тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМеханизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти

Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларынын жана асыл тукум мал жандыктарынын лизинги тууралуу маалымат

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 6 лизинг долбоору түзүлүп, дыйкандардын суроо-талаптары боюнча айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашырылып жатат. Министрлик Банк аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда лизингке берүүдө.

Кабыл алынган өкмөттүн чечимдерине ылайык айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү шарттары төмөндөгүдөй болуп бекитилген:
– лизинг мөөнөтү – 7 (жети) – 10 (он) жыл;
– лизингдин үстөк пайызы жылдык – 4,5%, 6%, 7% жана 9% пайызга барабар;
– дыйкандын алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде лизинг предметинин наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек;

  • лизинг алуучу тарабынан алынуучу техниканын наркынын 20 жана андан ашык пайызы биринчи салым катары төлөнсө, кошумча күрөөлүк мүлк коюлбайт жана кредитти төлөөнүн кепилдиги болуп лизинг предметинин (техника) өзү эсептелет;
  • лизингке берилип жаткан айыл чарба техникасын камсыздандыруу ыктыярдуу негизде, лизинг алуучунун макулдугу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленген.
    Бүгүнкү күнгө карата дыйкандарга бардыгы болуп 6515,1 млн. сомго 3866 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Ал эми 2021-жылы дыйкандарыбыз 1268,2 млн. сомго 495 даана техника, 2022-жылы 211,6 млн. сомго 90 даана техника берилген. Жалпы лизингке берилген айыл чарба техникаларынын ичинен:
  • тракторлор – 2564 даана;
    – комбайндар – 178 даана;
    – өндүрүштүк жабдуулар – 19 даана;
    – айыл чарба машиналары – 9 даана;
    – атайын техника – 373 даана;
    – транспорт каражаттары – 17 даана.
  • 2022-жылы мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө 800,0 млн. сомго 300 даана айыл чарба техникаларын лизингке берүү болжолдонууда.
    “Айыл Банк” ААК аркылуу ишке ашырылып жаткан асыл-тукум мал жандыктарын лизике берүү боюнча “ВПС” долбоору аркылуу акыркы эки жылда айылдык товар өндүрүүчүлөргө жалпы суммасы 39,3 млн. сомго 211 даана мал жандыктары лизингке берилген. Алардын 70 даанасы 2021-жылы берилип баасы 16,8 млн. сомду түзгөн.
    2021-жылы министрлик айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникалары менен камсыздоону жакшыртуу максатында айыл чарба техникаларынын лизинг долбоорлорун каржылоо фондусун көбөйтүү жана инвестициялык долбоорлорду тартуу боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) ортосундагы инвестициялык кредит катары тартылган 1,4 млрд. сомдук долбоорун аткаруудагы 540,9 млн сомго барабар болгон кайтарым каражаттарын айыл чарба лизинги үчүн колдонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп, жыйынтыгында 2021-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 17-б буйругу кабыл алынды. Кабыл алынган буйрукту аткаруу максатында Финансы жана экономика министрлиги менен “Айыл Банк” ААКму ортосунда эки тараптуу каржылык келишим түзүлүп, долбоордун алкагында каралган каражаттар банктын эсебине которулуп берилген.
    Мындан сырткары лизингди өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникалары менен камсыздоо жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды машиналар жана жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде Жапон, Кытай, Түркия жана ЮСАИД уюмунун 426,5 млн. сомго барабар болгон мурдагы гранттардан жана насыялардан топтолгон кайтарым каражаттарынын эсебинен жаңы лизингдик кредиттик долбоор ачуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн долбоору даярдалып, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан колдоо таап 2021-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 227 буйругу кабыл алынды. Кабыл алынган буйрукка ылайык “Айыл Банк” ачык акционердик коомунда туруктуу иштей турган жаңы кредиттик лизингдик долбоор ишке берилди. Жогорудагы буйруктун негизинде Банк айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды жана тамчылатып жана жаадырып сугаруу үчүн жабдууларды жеңилдетилген шарттарда айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке берет.
    2021-жылы кабыл алынган акыркы лизинг долбоорунун шарттары мурда иштеп жаткан лизинг долбоолоруна караганда бир топ жеңилдиктер каралып, лизингдин мөөнөтү 10 жыл, үстөк пайызы 4,5% барабар болуп бекитилген.
    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында республикага айыл чарба техникаларын, кайра иштетүү өнөр жайларына жабдууларды жана асыл-тукум мал жандыктарын сатып алуу үчүн 50,0 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын инвестициалык кредит катары алуу үчүн жаңы долбоордун ишке ашырылышы болжолдонууда. Бул максатта Департамент тарабынан ЕАБРдын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү менен иштер жүргүзүлүүдө. Бул акча каражаттарынын 10 млн. АКШ долларына асыл-тукум мал жандыктарын сатып алып, дыйкандарга лизингке жеңилдиктер менен узак мөөнөткө берүү болжолдонууда.
Show More
Back to top button