Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору Ош облусунда жумушун баштады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору Ош облусунда жумушун баштады

2021-жылдын 4-7-март күндөрү Ош облусунун райондорунда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун, “Кепилдик фонду” ААК, “Айыл Банк” ААК, агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү жана кластердик ыкманын негизинде бизнес долбоорлорду каржылоо” темада бир топ семинарлар өткөрүлүүдө.


4-мартта Ош шаарындагы семинарга Ош шаарынын вице-мэри – Ж.М.Азимов, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары – А.Мукашев, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун координатору – М.Мукамбетов, “Кепилдик Фонд” ААКнын өкүлү, Дүйнөлүк банктын “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун менеджери – А.Кадыров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору – Т. Беков, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн КНЧ адиси – Тилекеев А., агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрү катышты.
Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 9-февралындагы “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, аймактарды өнүктүрүүнүн зарылдыгы менен өткөрүлүп жатат.


Бул иш-чара Дүйнөлүк банктын Ош облусунун жана Ош шаарынын “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин карамагында, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) жана Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ЦКА) тарабынан уюштурулууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button