Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 2021-жылдын 26-февралынан 4-мартына чейин 13202 тонна айыл чарба продукциясын фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрдү.
ЕАЭБдин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларды текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.