Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору бекитилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору бекитилди

“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору бекитилип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлүндү. Тийиштүү чечимди Министрлер Кабинети агрардык секторго колдоо көрсөтүү, президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу, жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу менен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында кабыл алган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд .сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү 3 жыл деп белгиленди.

Чечимге ылайык, фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга төмөнкүдөй шартта насыя берилет:

  • 300 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде;
  • 500 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү, күрөө менен.

Жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашык болгон фермердик чарбаларга катышуучу банктардын ички ченемдик укуктук актыларына ылайык күрөө менен 3 жылга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 5 миллион сомго чейин насыя берилет.

Мындан сырткары тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, үрөн өстүрүү, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын жаңы түзүлгөн ишканалары 150 млн. сомго чейин 5 жылга чейин мөөнөткө күрөө талап кылынган насыя ала алышат.

Лизинг үчүн мөөнөтү 60 ай же 5 жылга чейин, айыл чарба техникасынын лизингине 10% кем эмес жана айыл чарба жабдуусунун лизингине 30% кем эмес баштапкы төгүм төлөө шарты менен насыя берилет.

Show More
Back to top button