2022-жылдын 18-мартында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тиешелүү токой кызматынын, токой тармагын пилоттук реформалоо боюнча Консультативдик-координациялык кеңешинин 26-отурумундагы ишине катышты.
Отурумда каралган жана талкуу болгон иштер:
- Долбоорду ишке ашыруу статусу “Табигый капиталды эсепке алуунун жана климаттын өзгөрүшүнүн токой экосистемасына тийгизген таасири”.
(жетишкендиктер, натыйжалар, кыйынчылыктар жана сунуштар);
- Экинчи мамлекеттик токой инвентаризациясын жүргүзүү,
- Токойду башкаруунун маалыматтык системасын ишке ашыруу (экинчи фаза),
- Баткен токой чарбасынын “Скважина куруу” инвестициялык долбоорун алып салуу маселеси.
Катышуучулар табигый капиталды эсепке алуунун жана климаттын өзгөрүшүнүн токой экосистемасына тийгизген таасирин изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча маалыматты угуп, өз ой- пикирлерин айтышты.