Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир катар товарларга нөл пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасы белгиленди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бир катар товарларга нөл пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасы белгиленди

Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы белгиленди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

– Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы белгиленсин;

– 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын  31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.

Show More
Back to top button