Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Жаш Табышкер” долбоору – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Жаш Табышкер” долбоору

Enactus Кыргызстан 2021-жылдын сентябрь айында, Европа Биримдигинин
демократияны өнүктүрүү жанан адам укуктарын коргоо боюнча программасынын
финансылык колдоосу менен “Жаш Табышкер” долбоорун ишке ашырып баштады.
Долбоордун максаты: жаштар, кыз-келиндер жана калктын аярлуу катмарлары
үчүн жумушка орношуу жана жашыл технологиялар багытында Туруктуу
Өнүгүү Максаттарына жана адам укуктарын коргоо принциптерине жооп берген
туруктуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу болуп саналат. Долбоордун алкагында
жаштардын бизнес долбоорлорун (стартап) гранттык колдоо каралган.

Төмөндөгү багыттар боюнча кайрылуулар кабыл алынат:
● Айыл чарба багытындагы инновациялык чечимдер;
● Айыл чарба багытындагы санариптик (IT) чечимдер;
Гранттык колдоо үчүн ким кайрыла алат?
● Жумушсуз жаштар жана кыз келиндер;
● Аймактардагы ЖОЖдордун студенттери (Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош,
Жалал-Абад областтары);
● Жаш дыйкандар;
● Ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;
● Демилгелүү топтор (ЖОЖдордогу жаштар уюмдары, расмий эмес жаштардын
уюмдары, жаштардын өз жардам топтору);
Жеке адамдар үчүн жаш-курактык чектөөлөр: 18-35 жаш
Кайрылуулар Бишкек убактысы боюнча 23:59, 31-март 2022 жылга чейин кабыл
алынат.
Бизнес долбоорлор үчүн гранттардын көлөмү 3000 еврого чейин.
Сиздердин ыңгайыңыздар үчүн, кайрылууну Google Forms аркылуу смартфонду
колдонуу менен толтурсаңыз болот, эгер жеке компьютердин колдонуучусу
болсооңуз кайрылуу формасын толтуруп jashtabyshker@gmail.com электрондук
почта дарегине жиберсеңиз болот.

Show More
Back to top button