ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасындагы агро соода-логистикалык борборлорунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы токтому менен бекитилген 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү программасына ылайык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, айыл чарба багытындагы 13 Соода логистикалык борборлор иштеп келет. Алардын ичинде Чүй – 3, Ош -5, Жалал-Абад -1, Ысык-Көл-1, Нарын-1, Баткен -1 облустарында. Ошондой эле  Жалал-Абад облусундагы «Шедрая долина», «Торгцент» борборлору да каралууда.

СЛБнын ассортименти айыл чарба продукцияларынын төмөнкү түрлөрүн камтыйт: алма, пияз, сабиз, картошка, капуста жана башка айыл чарба азыктары. СЛБлар чийки затты кабыл алууну, сактоону, таңгактоону, таңгактоону, кайра иштетүүнү, жергиликтүү рынокто сатууга же экспорттоого сертификаттоону жүзөгө ашырат.

Show More
Смотрите также
Close
Back to top button