Бүгүн, 15-мартта БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму (ФАО) уюштурган “Тамак-аш тутумундагы инновация: Тамак-аш системаларынын саммитине жол” аталышындагы Орто Азия айыл чарба министрлеринин үчүнчү веб-семинары өттү.
Вебинарга БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюй, ФАОнун Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Владимир Рахманин жана Орто Азиянын айыл чарба министрлери катышты.
Жыйындындын максаты—Орто Азия өлкөлөрүндөгү тамак-аш тутумундагы инновациялык туруктуулук, экспорттук потенциал, соода-экономикалык мамилелер жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу жана активдештирүү жөнүндө бирдиктүү пикирге келишти.