Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбековдун Өзбекстанга болгон иш сапары жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбековдун Өзбекстанга болгон иш сапары жөнүндө маалымат

Министр Аскарбек Джаныбков өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстан Республикасында болду.

Министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетти. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле, Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдашылды. Мындан сырткары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10000 мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат.

Коңшу республикага болгон иш сапарыбызда, ошондой эле этти кайра иштетүү, биздин өлкөдө малды жасалма уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына экспорттоодон баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө макулга кол коюлду.

Мындан тышкары, Кыргызстанды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди.

Ошондой эле, Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууланды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button